«Манас» «Семетей» «Сейтек»
Дүйнөлүк Гиннесстин рекорддор китебине кирген улуу манасчы — Рыспай Исаков биздин мектепте!!!🇰🇬✊🌎Бүгүн, 28.09.2023 ж. Буденовка ЖББОМде «Манас», «Семетей», «Сейтек» өспүрүмдөр уюмдарынын салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү. Иш чаранын катышуучулары: Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары — Сагынбаев Н.Т. КРнын эмгек сиңирген артисти, Гиннесстин рекорддук китебине кирген, белгилүү манасчы — Рысбай Исаков, белгилүү манасчы — Таланбеков, Нурбек, Ысык — Ата РББ профсоюз кызматкерлеринин төрайымы-Тыныбекова Б. К. Ысык-Ата районунун социалдык фондунун жетекчиси — Акымбаев Р. А., жергиликтүү кеңештин депутаты — Көчкөнбаевна А. К., КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун офицерлери катышышып, жылуу ой — тилектерин билдиришти.
Комментарии